The Wall Street Journal гезитинин билдирүүсүнө караганда Америкалык ойлоп табуучу жана ишкер Илон Маск Лос-Анжелестеги өзүнө таандык хансарайлардын бирин 29 млн. долларга саткан.

Tesla жана SpaceX компанияларынын директору өзүнүн бул үйүн 2012-жылы Canyon Capital компаниясынын негиздөөчүсү Митчел Жулистен 17 млн. долларга сатып алган. ММК маалыматтары боюнча Лос-Анжелесте Илон Масктын мындан башка дагы беш хансарайы бар.

Forbes журналынын маалыматы боюнча Илон Маск дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын тизмесиндеги 31-орунду ээлейт жана анын байлыгы — 42,4 млр. доллар.