Коронавирустук инфекцияга таандык жаңы учурлардын рекорддук саны Аризона, Техас жана Флорида штаттарында катталган. Атап айтканда, суткалык өсүш Аризонда – 3246, Техаста – 3516, Флоридада – 3822 учурду түзгөн.

Штат губернаторлору мындай көрсөткүчтөрдү өткөрүлгөн тесттердин санынын көбөйүүсү менен байланыштуу карашууда. Ошол эле учурда саламаттык сактоо тармагынын эксперттеринин айтуусунда мунун өзү оору дагы деле бойсо кеңири кулач жайып жаткандыгынан кабар берерин белгилешкен.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча АКШда COVID-19 илдети боюнча 2 млн учур каталган. Учурда бул өлкө аталган илдеттен жабыр тарткандардын саны боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунду ээлейт.