Бүгүн, 20-июнда Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия авиалиниясынын» «Москва – Ош» маршруту боюнча Россиядан Кыргызстандын 325 жараны анын ичинде жаш балдар кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бул каттам Кыргызстан жана Россиянын тышкы саясый ведомстволорунун келишимдеринин негизинде дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды.

Каттамдын орундуктары чектелүү болгондуктан жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспорасынын, Москва шаарындагы медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия тарабынан түзүлгөн.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.