COVID-19 илдетинин кучөп жаткандыгына байланыштуу иш-чараларды күчөтүлөт. Бишкек шаары боюнча ишемби күнү түштөн кийин жана жекшемби күнү толугу менен коомдук транспорттун кыймылы токтотулат. Бул тууралуу Өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

«Мындан сырткары, облустар аралык жүрүп жаткан коомдук транспортторго чектөө киргизилет, бирок такси кызматтары, жеке транспорт жана жүк ташуучу унааларга чектөөлөр коюлбайт», — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Бишкек шаарында жана региондордо коомдук транспортту токтотуу тууралуу кошумча маалыматтар кошумча билдирилет.