Бүгүн,  20-июнь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Жагдайга жараша узактагы айрым мүчөлөр жыйынга «аралыктан» катышып, добуш беришти. Кыргызстан Ислам университетинде өткөрүлгөн жыйынды Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев жана орун басары Фархат ажы Юсупов алып барды.
Жыйындын жүрүшүндө бир нече маанилүү маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды. Дүйнөдөгү пандемиялык кырдаалдан улам Дин Башкармалыктагы айрым сатып алууларга, иш сапарларга жана чыгашаларга убактылуу чектөө киргизилди.

Ошону менен катар ысырапчылыктын алдын алуу жаатында дин кызматкерлерине бир катар тапшырмалар берилди.
Экинчи маселе катары, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу ниетин билдирген Жалилов Чубак ажынын арызы канааттандырылып, анын ордуна өлкөбүздөгү белгилүү аалымдардын бири, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат башчысы Доолов Садибаккас ажы Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Эске салсак, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши ар бир квартал сайын жалпы жыйынга чогулуп, диний тармактагы маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алышат.