Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Бакай тилкесинде жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү бийликтен кабарлашты.

Маалым болгондой, буга чейин жергиликтүүлөр медициналык кароого баруу үчүн бир топ түйшүк тартып келген. Алар 3 км жол басып, кошуна айылдагы ФАПка барышчу. ФАП маселеси аялдар, кары-картаңдар үчүн көйгөй болгон. Себеби аялдар төрөт бөлүмүнө барууда бир топ жол басып, унаа табылбай калып кыйналышчу.

«Кыргызстан» саясий партиясы буга чейин чек арада чыккан чыр-чатактан улам чек ара элинен кабар алганы барганда алар жумуш орундары, жаштарды спортко тартууга шарттын жоктугун жана эң негизги чек арадагы элдин ден соолугуна кам көрүүдө ФАП жетишсиз экенин айтып, жардам сурап кайрылышкан. Партия тургундардын көйгөйүн колго алып, маселени чечүү аракетин көргөн. Натыйжада кыска убакыттын ичинде жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында спорттук аянтча курулган. Андан соң ФАП курулуп, эми бул меселелер чечилип, айылдыктар мекемеге ээ болушту. Курулуш иштери 2019-жылдын апрель айында башталган. Жалпы суммасы 1 млн 170 миң сомду түзөт. Бул мекеме Бакай аймагындагы алгачкы социалдык объект болуп калды. Анын ачылышы менен бейтаптарды кароого шарт түзүлүп, элдин убаракерчилиги жоюлат. Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айыл аймагындагы тургундарды буга чейин 2 ФАП тейлеп келген.

Булак: turmush.kg