Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин сөөгү Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында жерге берилет. Бул тууралуу анын бир тууган иниси, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз Facebook баракчасына жазды.

«Баатырыбыз дагы, асылыбыз дагы Бокемден айрылып калдык… Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11:00дө өтөт», — деп жазган бир тууганы.

Экс-депутат Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумду. Ал 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн. Андан кийин абалы жакшырып калганы, бирок комадан чыга электиги айтылган.