Кара-Балта шаарынын базарлары, жума сайын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү санитария үчүн жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай иш-чаралар шаарда коронавирустун андан ары жайылышын алдын алуу жана калкты санитардык-эпидемиологиялык жактан камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Жайыл районунда 98 жарандан
коронавирус инфекциясы аныкталды.