Түркия Курдистан Жумушчу Партиясына (КЖП) каршы өткөрүлүп жаткан Pence-Kaplan («Жолборстун тырмагы») операциясын колдоо үчүн Ирактын түндүгүнө атайын даярдыктан өтүшкөн аскерлерден турган кошумча күчтөрдү жөнөттү. Бул тууралуу Түркия Коргоо министрлиги билдирген.

Дүйшөмбү күнү Түркия аба-аскер күчтөрү Ирактын түндүгүндө ири аба операциясын өткөрүшкөн жана анда КЖПнын 81 объектиси кыйроого учураган. Бул боюнча Ирак Коргоо күчтөрүнин бириктирилген командачылыгы: «Түркияга өлкөнүн суверенитетин бузду»-деген кине койгон.

Түркиянын расмий маалыматы боюнча 2015-жылдан тартып Түркия менен КЖП ортосундагы куралдуу кагылышуулардын кеспетинен улам 1 миңге чукул түрк аскерлери менен полиция кызматкерлери, ошондой эле 500 жаран курман болгон.

Белгилей кетсек, Ирактын түндүгүндө КЖП аскер базалары жайгашкан. Түркия аба күчтөрүнүн чабуулуна байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин 10 миңден ашуун КЖП мүчөлөрү жок кылынган.