Өзбекстанга келген туристтер коронавирус инфекциясын  жуктуруп алса, 3000 доллар кенемте алышат. Бул тууралуу токтомго 19-июнда президент Шавкат Мирзиёев кол койгонун жергиликтүү маалымат булактары жазышты.

Документ «Uzbekistan. Safe travel guaranteed» («Өзбекстан. Коопсуз саякатка кепилдик берилет») деп аталат.

Бул системанын алкагында Коопсуз туризм фонду түзүлөт. Ага Антикризисттик фонддон 20 млрд сум (2 млн доллар) бөлүнөт.

Саламаттык сактоо улуттук палатасынын төрагасы Равшан Изамов жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер коопсуз аймакта жүргөнүнө ишенимдүү болушу керек экенин билдирди.

«Туроператорлор, конок үйлөрү, деги эле туризм индустриясында иштегендер бир катар талаптарды аткаргандан кийин атайын сертификатка ээ болушкат. Бул сертификат туристтер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берет», – деди Изамов.

Туристтерге компенсация төлөө тажырыйбасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулат.

Соңку маалымат боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 6025ге жетти, алардын 19у көз жумду.