22-июнга карата Кыргызстан боюнча өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Алар: Кыргыз-Турк ооруканасынан – 1 (аял киши, 1952 жылкы), Талас аймактык ооруканасынан – 1 (1952 жылкы, эркек), Ноокен аймактык ооруканасынан – 1 (аял киши, 1960 жылкы).

Жалпы каза болгондордун саны 40 кишини түздү.