«Тилекке каршы, эгер бул улана берсе, катаал чараларды көрүү керек жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен чектөө чараларын киргизүү керек»,- деди Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режимин кайрадан калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроого жооп берип жатып.

“Биз байкоо жүргүзүп жатабыз. Эгерде эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетсе, анда, чектелген аймактарда чектөөлөр киргизилет. Айрым аймактарга чектөө киргизүүнү, ошондой эле айрым объектилерди жаап салууну сунуштайбыз ”,-деди ал.

Министр эскерткендей, Бишкекте дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтоттуу чечими кабыл алынган. Бул байланыштарды азайтуу жана коронавирустук инфекциянын жайылышын чектөөгө байланыштуу.