2020-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 764,5 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,1% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин ай сайын жарыяланчу жаңы баяндамасында маалымдалды.

Мунун ичинен 599 млн. 621 миң доллар импортко туура келет жана ал 5,2% кыскарды. Аталган өлкөлөргө экспорттун көлөмү 164 млн. 892 миң доллар болуп, былтыркы жылдын төрт айына салыштырганда 17,4% азайды.

Кыргызстан биримдиктин ичинде негизинен Орусия жана Казакстан менен соода-алака жүргүзөт.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.