Ирландиянын Керри округунун жашоочусу бир жума бою  капчыгында ири утушка ээ болгон лотерея билетин унутуп койгон. Бул тууралуу UPI сайты жазып чыкты.

Ирландиялыктардын айтымында, алардын үй-бүлөсү бат-баттан лотерея билеттерин сатып алышат. Алар 18-апрелде өткөн оюундун жыйынтыгында кимдир бирөө чоң джекпотту утканын угушкан, бирок алардын билети жеңүүчү болот деп ойлошкон эмес.


«Бир нече күндөн кийин мен кийинки оюунга билетимди карап жатып, сумкамда унутулган дагы бир лотерея билетин байкадым. Ошондо мен аны текшерүүнү унутуп калганымды эстедим », — дейт аял.

Ал болжол менен 9,8 миллион евронун  ээси болуп калгандыгын билгенде таң калган. Бул округдагы эң ири жеңиш. Жеңүүчүнүн айтымында, ал кубанычтан бөлмөдө  секирип баштаган.

 «Мен сумкамда бир жума бою ушунча байлык алып  жүргөнүм кызыктуу болду» ,- деген ал.


Коронавирус пандемиясынан улам, үй бүлө утушка жетүү үчүн эки ай күтүүгө аргасыз болду. Ушул жумада алар лотерея борборуна келишкен. Жеңүүчүлөр акчаны кантип сарптоону чече электиги айтылат.