Кыргызстандын премьер-министринин маалымат катчысы Адилет
Султаналиев ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу Султаналиев өзү «Кабар» агенттигине билдирген.
Султаналиев белгилегендей, ал кызматтан өз каалоосу менен кеткен.
Белгилей кетсек, Адилет Султаналиев премьер-министрдин маалымат катчысы болуп 2018-жылдын август айында дайындалган.