«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди. Учурда Төрөбаевдин кайда дарыланып жатканы ачыктала элек.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин 70ге жакын депутаты ПЦР тест тапшырышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, КСДПнын 3, «Бир Бол» фракциясынын 1 депутатынан коронавирус аныкталган.

19-июнда «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдиновдон коронавирус тастыкталган. Ал парламенттеги бардык депутаттар менен байланышта болгон.