Кылмыш-кырсыкТВ-Видео
“Жеңил ойлуу кыздар “клиент” талашып, бири-бирин канжалата сабашкан
Социалдык тармактарда бир кызды топ кыздар канжалата сабаган видеотасма тарап, катуу талкууга түштү. Окуя Ошто болгонун Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, видеотасма жакында эле тартылган.
“Жеңил ойлуу кыздар “клиент” талашып, бири-бирин канжалата сабашкан. Алар 95-97-жылы туулган кыздар. Бири Ош шаарынын, экинчиси Ош облусунун, үчүнчүсү Ысык-Көл облусунун тургуну. Аларды ташып жүргөн таксист да бар. Учурда таксист менен экөө кармалды. Бирөөсү Ысык-Көлгө кетип калган. Булардын мындай жоругу биринчи жолу эмес. Буга чейин дагы, февраль айында так ушундай окуя болгон”,-деп Ош ШИИБинен маалымдашты.