Рахматулла Мухаммед деген ысым менен катталган Фейсбук колдонуучусу коронавирус бар экенин айтып, төмөндөгүдөй пост жазды.

«Эч кимди дүрбөлөңгө салып #паника кылгым келбейт.Көптөгөн адамдар бул илдет кимдир бирөөлөр тарабынан уюштурулган саясат деп караталаштык менен ишенбей келишет. Кудай өзү сактасын! Ушундай апаатта мен ишенбейм деп талашып тартышкандар ооруган адамдардан дагы коркунучтуу болушат.Эмесе башыман өткөндөрдү, көргөн билгенимди сиздер менен бөлүшөйүн.Деги эле карантин башталгандан бери биздин кызматкерлер тиешелүү деңгээлде коргонуучу каражаттар менен жүргөнбүз. Акыркы күндөрү эмнегедир маска такпай, антисептик колдонбой калдык. Көчөдө ээн эркин жүргөн талпадан таасирлендикпи айтор жакшы көңүл бурбай, коргонбой калдык. Акыры мен ушул илдетти жугузуп ооруп калдым.Биринчи күндөрү жөтөл пайда болуп, алсыз болуп жүрдүм.Экинчи күнү температура көтөрүлүп, тап төшөкө жыгылдым.Үчүнчү күнү акыбал оорлошту. Бүтүндөй дене булчуңдарым, сөөктөрүм, муундарым ооруду. Жатсам жаткан жакпайт, турсам өзүмдү көтөрө албайм. Жөтөлсөм өпкөм эзилип ооруйт. Анан тез жардам кызматын чакырдым. Алар анализ алган соң 3 күндөн кийин жыйынтыгы COVID-19 бар деп кабар келди.Ал аралыкта өз алдынча антибиотиктерди алып, капельница койуп, ысык шорпо, асал, малина лимондуу суусундуктарды көп көп ичип жаттым.Анализдин жыйынтыгы чыккан учурда кыйла жакшы болуп калгам. Эпидемиологтун чечими боюнча үйдөн дарылана бер деп калтырып койушту. Бирок абал башкача өнүгө баштады. Жөтөл кайрадан күчөй баштады. Дем алуум оорлошту. Температура бар. Чогуу жашаган майда балдарымды, үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн больницага жатам деп кайрылсам эч ким кабыл албай койду. 118ге чалсак алар поликлиникага кайрылгыла ошолор чечет дейт. Аларга чалсак алар биз чечпейбиз тез-жардам кызматы чечет дейт. Кыскасы ортодо бир күн кечке аябай эле футболит этишти. Анан аягында оорууга чыдабай кетип министрлике айттырып жатып араң ооруканага жеткирилдим. Бул жерде дарыгерлер абдан жакшы карап жатышат. Алгач келген күнү түнү менен кислород апаратта жаттым, кыйла дем алуу жеңилдеди. Жанымда 50дөн ашкан бир ак сакал бар. Анын дем алуусу өтө кыйын. Температурасы дагы деле бар. Бир аз кыймылдап койсо эле энтигип кетет. Аны көрүп мен кыйналып кетем. Башка палатада жаткан эжелер келиндер бар. Арасында басалбай калгандары бар. Дем алуу оор болгондо көзүнө эч нерсе көрүнбөй калат экен.Азыр менин абалым жакшы. Өпкөдө пневмония бар дейт. Бирок температура, же башка дененин ооруулары жокко эсе. Болгону жөтөл менен дыхание кыйнап жатат. Бул дагы бир эки күндө жойулуп кетет буйурса.Эч ким оорубасын. Мен өзүм ооруп калганым үчүн эч кандай стресс болгонум жок. Кыжалат дагы болбодум. Айыгарыма ишендим. Аллага шүгүрлөр болсун.Эмне үчүн муну башкаларга жарыялап айтып жатам? Анткени арабызда буга ишенбеген толтура адамдар бар. Алар кокус жуктуруп алса же башкаларга жайылтып жиберишсе бул өтө опурталдуу. Анткени кары картаңдар, иммунитети төмөн адамдар көтөрө албай калса кимге пайда да кимге зыян? Ошондуктан бул күйүп турган от менен ойнобош керек!Учурдан пайдаланып мага жана менин бала-чакама жакындан жардам көрсөтүп күнү түнү кабар алып турган бирге иштеген жетекчилериме, кызматкерлерге баарыңыздарга терең сый урматым менен ыраазычылык билдирем! Өзгөчө Устаз Саид Баюми, Устаз Мухаммад Мады, Устаз Медер Жалалов жана башка аты аталбаган бирок жүрөгүмдө турган ар бир коллегаларыма өзгөчө ыраазычылык билдирем!»-деген ал.