Бүгүн, 23-июндан тарта Казакстандын Нур-Султан шаарындагы бардык бала бакчалар убактылуу жабылат. Мындай чечимди шаардын санитардык дарыгери Жанна Пралиева кабыл алганын жергиликтүү маалымат агенттиктери жазышты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, буга чейин бала бакчалардагы нөөмөтчү тайпаларда балдардын саны он бештен ашкан эмес. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жана бала бакчадагы тарбиячыдан коронавирус оорусу аныкталганына байланыштуу кайрадан жабуу чечими кабыл алынган.

Эгерде балдарды үйдө кароого зарылдык жаралса ата-энелердин бирине аралыктан иштөөгө уруксат берилет.