Чүйдө 14 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июнь күнү саат 16:30да, Ысык-Ата районундагы Энергетиктер Дачасында 2006-жылы туулган өспүрүм көлмөгө чөгүп кеткен.

КР ӨКМнин №7 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары көлмөдөн баланы алып чыгып, сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.