Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы ооруларды алдын алуу борборунун башчысы Чон Ын Гён Сеул шаарында жана анын айланасында коронавирус жуктуруунун экинчи толкуну катталганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

«Биз алгач экинчи толкун күзүндө же кышында башталат деп божомолдогонбуз. Бирок биздин божомол туура эмес болуп калды. Адамдар бири бири менен тыгыз байланышта болгон учурда инфекциянын жайылуусу уланат», — дейт ал.

Чон Ын Гёндин пикири боюнча, Сеулда оорунун экинчи толкуну май айындагы бир нече кластердик учурлардан кийин башталды.

Өз кезегинде Сеулдун администрациясы эгер шаарда 3 күндө суткасына 30 кишиден ашык адам оору жуктурса же ооруканалар 70 пайызга толсо кайрадан катуу режим киргизиле турганын маалымдады.

Маалым болгондой, ДССУ нун акыркы маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 8,7 млн адамга коронавирус жугуп, 460 миңден ашык адам көз жумду. Ал эми Түштүк Кореяда эпидемия башталгандан бери 12 миң 438 адам оору жуктуруп, 280 жаран каза болду.