Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануучу жайларга рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Текшерүүгө алынган жети тамактануучу жайдын бирөөсү гана санитардык талаптарды аткарганы белгилүү болду. Калган алты жай комиссиянын чечимине ылайык убактылуу ишин токтотту.

Вице-мэр Болот Узакбаев баштаган топ кафе, чайкана өңдүү жайлардагы санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алууда.

Талапка ылайык, адамдын саны 50дөн ашпай, кардарлардын ортосундагы 1,5-2 метр аралык сакталышы шарт. Андан тышкары антисептикалык каражаттар коюлуп, кызматкерлер беткап, колкап менен иштеши керек.