Акыркы суткада коронавирустун 163 жаңы учуру катталды

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 163 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев  онлайн брифинг учурунда билдирди.

23-июнга карата өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 3 миң 519.