Коронавирустан дагы 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өтү жаткан брифинг учурунда билдирди.
Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынан 1964-жылы туулган аял киши каза болду. Ушуну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 41ге жетти.