Дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында 23-июнда КР ТИМ менен Казакстан тараптын биргелешип аракеттешүүсүнүн негизинде КРнын 19 жараны Корея Республикасынан (4), Япониядан (6) жана Филиппинден (9) учуп келди.

Биздин жарандар Токио, Манила жана Сеул шаарларынан «Air Astana» казак авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматы шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Бишкек шаарына атайын транспорт менен алынып келди.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттердеги КР жарандарынын үйлөрүнө кайтаруу, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен аларды алып чыгууну уюштуруу үчүн кайтып келүүнүн мүмкүн болгон маршруттарын издөө боюнча иштер улантылат.