Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан «Эркеч-Там унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Кытайдагы Күрүч майрамына байланыштуу пунктту жабуу сунушу Кытай тараптан түшкөн.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өткөрмө пункт 25-июндан баштап 28-июнга чейин жабык болот. Ал эми 29-июндан тарта жүк өткөрүлүп баштайт.

Коронавирус күчөп баштаганда жабылган «Эркеч-Там унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту өзгөчө алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуу үчүн гана 15-апрелден тарта ачылган болчу.