Covid-19 пандемиясы башталгандан бери дүйнөдө анын коркунучунан алыстоо үчүн көптөр ырдай баштаганын көрдүк. Италиялыктар балконго чыгып алып ария ырдаса, музыканттар үйүнөн эле кичи концерттерди коё баштады. Видео байланыш аркылуу түрдүү хорлор ырдалды. Анын баары интернет аркылуу тарап жатты.

Биз ырдап жатканда мээбиздин чоң бөлүгү активдешет, дейт нейропсихолог Сара Уилсон. Ал ушул боюнча изилдөөнүн башында турат. Изилдөөнүн жүрүшүндө ар кандай деңгээлде ырдаган ыктыярчыларга МРТ-сканирлөө жүргүзүшкөн.

«Мээде кеңири жайылган «ырдоочу» нейрондор түйүнү бар»,- деп түшүндүрөт Уилсон. Эң кызыгы, биз сүйлөп жатканда мээнин ушуга гана жооп берген бөлүгү гана активдешет. Ал эми ырдаганда эки жарым шар тең ойгонот.

«Андан тышкары биз күбө болгондой (ырдап жатканда) эмоцияга жооп берген нейрондор дагы ошол маалда активдешет»,- деп кошумчалады окумуштуу. Дененин кыймылына жооп берген мээнин бөлүктөрү дагы жанданат.

Ырдап жаткандагы физикалык чыңалуу — эмне үчүн ырдаган маанайды көтөрө турганына бир себеп. Муну аэробика сыяктуу деп айтып койсок болот. Анткени организм эндорфин, «кубаныч гормонун» иштеп чыгат, деп белгиледи Дүйнөлүк музыка терапия бирлигинин өкүлү Байшали Мухержи. Бул стресстин деңгээлин төмөндөтүп, маанайды көтөрөт.

«Ар кандай кыйын кырдаалда, стресс болобу, физикалык оору болобу музыка биздин акылыбызга жана денебизге оң таасирин тийгизет»,- дейт ал.

Ал эми жакшы маанай биздин иммундук системаны чыңдайт, деди Мукержи. Жыйынтыгында сиз стресс факторуна позитивдүү карай баштайсыз, уйкуңуз жакшырат.

Арабызда көптөр дүрбөлөңгө түшүү сезимдери менен жакшы тааныш. Мындай учурда аба жетишпей, дем алуу кыйын болуп калат.

Кыска, үзүп-үзүп дем алуу кан айлануу системасындагы кычкылтектин деңгээлин төмөндөтүп, клеткалар аны керектүү санда иштеп чыга албай калат. Ушундан баш айланып, беймаза болуу, тынчсыздануу жана башка жагымсыз белгилер пайда болот.

Тескерисинче, терең же диафрагмалдуу дем алуу кычкылтектин толук алмашуусун камсыздап, кан-тамырлар кеңейип, кан басымды калыбына келтирет.

Бул үчүн сөзсүз эле мыкты ырдоонун кереги жок.

«Хор менен ырдоо эмпатияны күчөтүп, социалдык байланыштарды чыңдайт. Муну биз чоң стадиондордо күйөрмандардын чогуу ырдаган мисалынан, динчилдердин чиркөөдөгү ырынан көрө алабыз. Хор менен ырдоо баарыбызды бириктирип, кишилердин бытыранды топторун коомго айландырат»,- деп түшүндүрдү Уилсон.

Ырдап жатканда эндорфинден сырткары дагы бир гормон — окситоцин бөлүнүп чыгат. Бул башка кишилер менен байланышуу сезимин чыңдайт, дейт Мукерджи.

Булак: BBC