Кыргыз Республикасынын ИИМдин буюрмасынын негизинде, Ош облусунун аймагында «Өспүрүм-Эмгек» деп аталган алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага ички иштер органдарынын, билим берүү, балдардын укугун коргоо бѳлүмү, саламаттыкты сактоо тармагынын, экологияны жана техникалык коргоо мамлекеттик инспекциясынан, балдар менен иштөө комиссиясынан жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында 46 соода-сатык борборлору, 3 автобекеттер жана темир жол бекеттери, 19 автоунаа жуучу жайлар, 3 курулуш жүрүп жаткан кѳп батирлүү турак үйлөр, 20дан ашуун башка жайлар текшерилди. Иш-чаранын жүрүшүндѳ 60 жаш өспүрүм эмгекке тартылгандыгы аныкталды. Алардын ичинен; 58 өспүрүм түрдүү жумуштарды жасап жүрүшкѳн, 2 жаш өспүрүм начар абалда эмгектенген балдар.
Жогорудагы аныкталган ѳспүрүмдѳрдүн ичинен 28 өспүрүм ата-энелерине кайтарылып берилди жана 32 өспүрүм Ош ОИИБдин Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна (ЖУАБна) жеткирилди. Аныкталган балдар боюнча андан ары тийиштүү чара көрүү максатында бул багытта иш алып бара жатышкан мекемелерге жалпы 77 маалымат жѳнѳтүлдү.
Билим берүү мекемесине 26, саламаттыкты сактоо тармагына 26, балдардын укугун коргоо бѳлүмүнѳ 6, балдар менен иштѳѳ комиссиясына 13 жана башка тийиштүү мекмелерге 6 маалымат жѳнѳтүлдү.