Б.Жээнбаева:”Эгер кырдаал начарлап кетсе, кошумча чыгымдарды талап кылуу керек болот”

“Жашоо биздин бүгүнкүдөй өзгөчө кырдаалдарга аябай алсыз экендигибизди көрсөттү”, – деди бүгүнкү брифингде финансы министри Бактыгүл Жээнбаева.

Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаал, стабилдештирүүчү фонддор түзүлүшү керек экендигин көрсөттү. Бирок быйыл мүмкүн эмес.


«Эгер кырдаал начарлап кетсе, кошумча чыгымдарды талап кылуу керек болот. Бирок кийинки жылдары аны түзүү керек болот ”, – дейт Бактыгүл Жээнбаева.