Бүгүн, 23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин соттук отуруму улантылды. Айыпталуучулардын бири — мурунку президент Алмазбек Атамбаев.

Процесс жабык режимде өтүп жатат. Айыпталуучулар акыркы сөзүн айтышты.

Жактоочу Сергей Слесаревдин айтымында, Атамбаев акыркы сөзүн айткан жок.

 «Өз сөзүмдө тергөө жана мамлекеттик айыптоочулар Атамбаевдин күнөөсүн далилдей албагынын кошумчаладым. Шамил Атаханов, Аида Салянова жана Зарылбек Рысалиевдин көрсөтмөсүн далил катары келтирип жатышат, бирок ал мен коргогон адамдын күнөөсүн далилдеген көрсөтмө эмес», — деди жактоочу.

Анын айтымында, тергөө менен келишим түзгөн бардык айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок.

«Алар күнөөсүн мойнуна албаса, Атамбаевдин күнөөсүн далилдеген көрсөтмө беришкен жок», — деди Слесарев.

Ал буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Атамбаевдин, анын бардык туугандарынын мүлкүн конфискациялоону сураганын кошумчалап:

«Мамлекеттик айыптоочулар конфискациялана турган мүлктөрдүн тизмесинен айрымдарын алып салууну өтүндү. Күнөө жок болсо, анда конфискация да болбойт», — деди.

Судья Эмилбек Каипов кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Буга чейин прокурорлор А.Атамбаевди коррупция беренси боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратууну сурашкан болчу.

Эске салсак, Азиз Батукаев «Мыйзамдагы ууру» катары таанымал. Ал 2006-жылы 3-августта Аламүдүн райондук соту тарабынан мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл, 8 ай, 15 күнгө эркинен ажыратылган.

А.Батукаев Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин, ЖАМКтын башчысы Икматулла Полотовдун жана 2005-жылы октябрь айында өлтүрүлгөн парламенттин 2 кызматкеринин өлүмүнө айыпталган. Жазасын Нарындагы СИЗО-4 мекемесинде өтөп жатканда бошотулган болчу. Бирок ал жазасынын жарымын гана өтөгөн, тактап айтканда дагы 8 жыл 3 ай жана 7 күн жаза өтөмөк.