Интернеттеги коронавирус боюнча комменттерди окуп, кыргыз ушунчалык караңгы элби деп зээним кейип атат. Бул вирус жок, бийлик акча кылып атат деген ойдогулар көп экен. Алмира Абидинова, Erkin Ryskulbekov деген журналисттер түз эфирге чыгып коронавирус жөнүндө сүйлөп, маска тагынгыла, жеке коопсуздукту сактагыла деп атса, комментарийиндегилер канча акча алдың, эмнеге бийликтин сөзүн сүйлөп атасың, вирус жок деп беттен алып атышат. Бүт дүйнөнү каптаган вирусту кыргыз бийлиги ойлоп тапкандай кабыл алышат экен, тообо.

Туура, анча-мынча чоңдор карантинде колунан келишинче жеп-ичип ийишти. Туура, башка диагноз менен өлгөндөрдү коронавирус деп жаздырышты. Бирок, ошолорго таянып эле вирус таптакыр жок деген позицияга туруп албаш керек да. Канча адам өлдү, белгилүү коомдук ишмер, экс-спикер бул дарт менен ооруп каза тапты. Белгилүү инсандар ооруп атат, алардын баары эмне акча алып оорудум деп жатышат деп ойлойсуңарбы?! Негизи, кыргыздын калың катмары өтө билимсиз, караңгы болуп баратканы чоң көйгөй. Буга мектептеги мугалимдердин начардыгы да себеп болушу мүмкүн. Мугалим деген улуу кесипке сөз тийгизгим келбейт, бирок, баарыңар ойлонуп көрсөңөр. Классыңардагы начар окуган классташтарыңар окубай калды дебесин деп эле эптеп педагогикалык багыттагы бюджеттик факультеттерге тапшырып, анан айылдагы мектепке барып отуруп калды да, чынбы? Анан ошол мугалимдер кандай билим берет деп ойлойсуңар?

Айыл жериндеги жаштардын ата-энелери баары мигрант, кары-картаңдар алардын окуусун көзөмөлдөмөк беле?
Мен мигранттардын телефондо эмне чукуп эмне көргөндөрүн көрүп, ушунчалык жапайы, ушунчалык жеңил ой, ушунчалык караңгы муунга туш келдикпи деп өкүндүм. «Тез көр, шок, өтө катуу айтты, жайлады, бетин түздөдү» деп ютубда ката-пута жазып эптеп просмотрдан акча кылган чала-сабат блогерлердин соцтармактагы ленталардан уурдалган контенттерин көрүшөт. «Ойношум бар, кайниме тием, жездемди сүйүп калдым» деп ойдон чыгарылган сөйрүк журналисттердин жалаяктай болгон сайттарын окушат. Самара сауна ачты, Асел менен Нурлан таарынышты, Анжелика дагы бирөөнү тапты, Гүлжайна Лексус минди деген сыяктуу темаларды көрүшөт, окушат.

Эрнис Кыязов эл жалкоо болуп кеткенин эске алып, бүт адабий чыгармалардын аудио версиясын чыгарды канча убактысын кетирип, бир мигранттын, жаштардын, айылдыктардын ошол аудиофайлды көчүрүп укканын көрбөдүм. Комментарийлерге кирип саясатты талкуулаганында күйбөгөн жериң күл болот. Сөздү туура жаза алышпайт, дагы сын айтып койгондо өчөсүң. Кыскасы, караңгы элди илгеркидей кылып кайра сабаттуулугун жоюу боюнча массалык аракеттерди көрбөсөк, эртеңки келечекти түнөрүп эле туман каптап баратат. Ансыз деле Өзбекстан өз жарандарына Кыргызстанга барып окубагыла, билим сапаты начар деп расмий жарыялады. Качан караңгы, жапайы эл экенибизди моюнга аласыңар? Же догурунуп Россия менен Казакстандын чекарасына барып жатып алгандар билимдүүбү? Же парламентте отурган тантыктар билимдүүбү?

Билимге көңүл бурбаган үчүн чыныгы билимдүүлөр башка өлкөгө көчүп кетип, көчүп кете албаган географияны мыкты билген Кайрат селсаякка окшогон башы иштеген мекендештерим ичип кетти. Шайлоого аттанган партиялардын тизмесиндегилерди көрүп, кийинки парламентке азыркыдан өткөн галдирлар, азыркыдан өткөн балыктар келип алып, микрофонго чыкканда эмеңерди качайтете бербегилечи деген сыяктуу сөздөр менен гана чектелээрине көзүм жетип отурат. Андыктан, парламентке келчүлөрдү дагы билими боюнча тест тапшырууну сунуш кылам. Теле-дебаттардын убактысын көбөйтүп, биринчи 30дукту отургузуп алып, ар бир кандидатты тааныштырып, ал кандидат өзү жөнүндө, программасы, максаты жөнүндө айтып депутат болууга татыктуу экенин далилдеп, элди ынандырсын. Болбосо, парламент оңолбосо, билим берүү системасын оңой албайбыз, билим берүү системасын оңобосок, элди да оңой албайбыз!

Кудрет Тайчабаров