АКШнын президенти Дональд Трамп 2020-жылдын аягына чейин чет өлкөлүктөргө жумуш визасын берүүнү токтотуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Виза берүүгө апрелде эле чектөө киргизилген. Анын мөөнөтү сентябрда аягына чыкмак. Эми ал жыл соңуна чейин узартылды.

Буйрук жогорку технологиялар индустриясындагы адистерден тартып сезон маалында иштей турган катардагы жумушчуларга чейин тиешелүү. Ак үй коронавирус пандемиясынан улам экономикалык активдүүлүк токтогондуктан, америкалыктарды иш менен камсыздоо максатында ушундай чечим кабыл алынганын билдирди. Ал арада медицина кызматкерлери менен азык-түлүк өнөр жайында иштегендер үчүн виза алууда чектөө болбойт.

Ак үй мындай жол менен өлкөгө 500 миңдей чет өлкөлүктүн киришине бөгөт коюлат деп болжолдоодо. Буга чейин виза алууга үлгүргөндөр АКШга кире алат.