Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 23-июнда саат 10:05те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

ӨКМ басма сөз кызматынан билдиргендей, жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбаб, Үч-Булак, Жай-Терек айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.