Сабактан соң үйдү көздөй автобус менен кетип баратам. Ош базарынан колунан азык-түлүк салынган баштык көтөрүп, 35 жаштардагы келин чыгып жаныма отурду. Үстү башы жакшы кийинген, чачтарын боетуп өзүн караганы билинип  турат. Бир кезде анын кол телефонуна чакыруу келди. Назик үнү менен жооп берип жатты. Сыягы курбу кызы окшойт. Жолдошунун тапканы аз экенин, балдары окууга барып жатканын,башкалардай жакшы жашоодо жашагысы келээрин, баарын божурап айтып баратты.

Ошондо отуруп, терезени карап ойго баттым. Менин атам  достору менен бизнесс баштап, бутка туруп, килтейген особнякта жашайбыз. Апам врач болуп иштейт. Атамдын өзүнүн машынасы бар, апамда, байкемде, улуу эжемде баарынын машинасы бар. Менде гана жок, анткени жашым жете  элек. Жаңы эле биринчи курста окуп жатам. Азыр деле улуу эжем машина менен келип алып кетмек, бирок, анын жолугушуусу бар экен. Мага акча берип, такси менен кете бер деген. А мен  автобуска отурдум. Анткени үйгө жайыраак эле баргым келди. Себеби, биздин үйдө байлык бар,мээрим жок.

Бир ирет түн ичинде апамдын кухняда, коньяк ичип, аяш апам менен сүйлөшүп жатканын угуп калгам. Апамдын айтуусунда, атам чачы узуун, жапжаш кызга үй, машина сатып бериптир. Апам аны билип, бир татар аялга барып, атамды кайтаруу үчүн окутуптур. Жаш кыз атамдын байлыгына кызыгып ал да атамдын башын айлантып окутуп алган экен.  Ар кандай дубаны иче берип атам азыр психологиялык жактан жабыркайт. Бат ачууланат, кээде колунда эмне болсо ошону ыргытып ийет. Апама кол көтөрөт. Кыскасы, баягы биздин бактылуу үй-бүлө көз көрүнөө урап бараткандай. Атам ооруп жатам деп, бизнесин улуу агама өткөрүп берген. Бирок, акыркы күндөрү өзүн такыр башкача алып жүрөт. Бая күнү окуудан келсем атам кичине баладай машина ойноп отуруптур. Апам өзү врач болгондуктан, дарыларды алып келип берет, ал деле таасир бербегенсийт.

Бир жолу апамды катуу сабап салганда, байкем ачуусу келип, жаш аялыныкына алып барып салды. Анысы, атамдын түрүн көрүп психтер жаткан оорууканага жеткирип салыптыр. Апама тааныштары чалып, элге уят деп кайра үйгө алып келди.

Кээде курбурларым атасын апасын айтып калса, мен деле ойлоп калам, атам анчалык байлык топтобой, аялдардын  талашына калбай, орто эле жашасак болмок деп. Атамдын мурда үйгө  бат-баттан келип турчу достору да жоголду. Бизге да орой мамиле кылат. Эч нерсе жактырбайт. Апам көзүнө көрүнсө эле болду үйдө уруш башталат, кайдагы сөздөрдү таап чыгат. 

Автобус аялдамага жетип токтоп, мен түшүп кеттим. Жанагы эже терезеден мени карап автобус жылганда, термелип кетип баратты. Азыр ал үйүнө барса балдары тосуп чыгат. Чогуу чай ичишет. Аттиң, биздин сыртынан заңгырап көрүнгөн үйүбүздүн ичинде да ошондой бакыт болсо…