Мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып салынып, үй камагына алынды. Мындай өкүмдү Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов чыгарды.

Мындан тышкары, мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратылды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары, мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну сураган.

Белгилүү болгондой, Жолдубаева Атамбаевдин тушунда президенттин аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, башкы прокурор болуп эмгектенген.