Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы кыл чайнашкан күрөштө өз салымдарын кошуп келе жаткан Осоровдордун династиясы азырынча үч муундан турат. Канга сиңген, жанга сиңген, жашоолорунун ажырагыс бир бөлүгү болуп калган бул кесипти аркалаган династиянын мүчөлөрүнүн саны, мууну мындан ары уланып, элине-жерине кызмат кыла береринен күмөнүбүз жок.

Анда эмесе, биз сиздердин назарыңыздарга аталган династиянын жаралышы, анын мүчөлөрү тууралуу баянды сунуш кылмакчыбыз.

ЫСЫК-АТАНЫН ЫРЫСКЫЛУУ АКСАКАЛЫ

«Миң уккандан бир көргөн» дегендей, бул династиянын мүчөлөрү тууралуу угуп жүргөнүбүз менен, жакындан тааныш эмес элек. Андыктан алар менен баарлашууну чечип, жолугушууну династиянын башында турган милициянын ардагер майору Кеңеш Осоров ата жашаган Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылына белгиледик. Белгиленген убакытта барсак, үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп күтүп жатышыптыр. Кызматтары зарыл экендигине карабай биз менен жолугууга келген үй-бүлө мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, ал-жай сурашып, сөзгө кирдик. Алгач династиянын баштоочусу, милициянын ардагер майору Кеңеш Осоровду кепке тарттык.Уул-кыздарынын, 20га жакын неберелеринин, 10го жакын чөбөрөлөрүнүн курчоосунда бактылуу өмүр сүрүп келе жаткан Кеңеш ата жакында эле 80 жашка чыгыптыр.

Милициянын ардагер майору Кеңеш Осоров ички иштер органдарындагы эмгек жолун 1965-жылы МАИ кызматында жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүү боюнча тескөөчү болуп баштаптыр. 1967-жылы аны Харьков шаарындагы аскердик училищенин МАИ тармагы боюнча бөлүмүнөн билим алууга жөнөтүлөт. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу бир жылдан кийин Алмата шаарына которулуп, 1969-жылы окуусун бүтүрүп келет. Ошол эле жылы милициянын лейтенанты К.Осоров Кант шаарында МАИ кызматына улук тескөөчү болуп жумушка орношот. Андан кийинки жылдары Токтогул РИИБде МАИ кызматында, Алай РИИБдин күзөт кызматында, Чүй РИИБдин күзөт кызматында эмгектенет. 1977-жылы жаңыдан ачылган Ысык-Ата РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери болуп дайындалып, көптөгөн кылмыш иштеринин бетин ачууга жетишет. Кийинки жылдары СССР кезинде күчүндө турган соолуктуруучу жайдын башчысы, нөөмөт бөлүмүнүн башчысы, башчынын сырткы кызматтар боюнча орун басары ж.б. кызматтарды аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

Сексен жашка чыкса да, карылыкка моюн сунбаган Кеңеш ата бүгүнкү күнү уулдарына жол көрсөтүү менен дыйкан чарбаны жетектеп келет. Чарбаны өзү көзөмөлдөп, бузулган техникаларды оңдотуп дегендей, айтор, эртеден кечке иш менен алек. Ата жолун жолдогон уулдарынын алды полковник наамына жетип калса да, Кеңеш ата бүгүнкү күнү алардын кеңешчиси, насаатчысы.

ТУРУКТУУЛУК. СӨЗГЕ БЕКЕМДИК ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК ЖЕ ОСОРОВДОРДУН ПРИНЦИПТЕРИ

Эми кепти милициянын ардагер майору Кеңеш Осоровдун эгиз уулдары Асан жана Үсөн тууралуу уланталы. Чыкыйган формачан, ак перчатка, ак шлем кийип, мотоцикл айдап жүргөн атасынын образы бул эгиз балдардын жан дүйнөсүнө сиңип, балалык аруу сезимдери бул кесип менен тыгыз байланышып калган. Үсөн Осоров кезинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында бир топ жыл үзүрлүү эмгектенсе, милициянын подполковниги Асан Осоров учурда Чүй ОИИББнын лицензиялык уруксат берүү тармагынын улук тескөөчүсү. «Милициядан башка кесипти тандоо оюбузга деле келген жок,-дейт бул тууралуу Асан Кеңешович кеп арасында,- жүрөгүбүзгө ушунчалык жакын болуп калганбы, ушул кесипти ойлонбой тандап алдык…» Ал кезде аскерге барбаган жигиттер милицияга кабыл алынчу эмес экен, ошол себептен Асан Осоров мектепти аяктаган соң, 1987-жылы Германияга аскердик милдетин өтөөгө аттанат. Аскерден келип, 1990-жылы ИИОнун катарына кабыл алынат. «Мен атам бирге иштешип калдым, чогуу ишке барып, кайра чогуу келчүбүз. Бир топ жыл иштеген соң, атам ардактуу эс алууга кетти. Атамды эс алууга узатып жатканда ал жөнүндө абдан жылуу каалоо-тилектер, анын ичинде атамдын Ысык-Ата РИИБдин курулушунун долбоорун чийгендиги да айтылып өткөн…»,-деди өткөндү эскерген А.Осоров.

Иш арасында окуп жүрүп жогорку билимге ээ болгон Асан Кеңешовичти бир күнү жетекчилиги уруксат берүү тармагына барып иштөөнү сунуштап, бирок ал кызмат жергиликтүү бюджет тарабынан каржыланарын айтышат. Макул болуп ал кызматка барган А.Осоровду тааныгандар: «айлыгы жок болсо, эмнеге ал жерге барды» деп таң калып да жүрүшөт. «Бараарым менен ишти жолго коюп, тийиштүү адамдар менен таанышып, макулдашуу түзүүгө жетиштим,-дейт Асан Кеңешович өз сөзүндө,-азыр да ал кишилер менен байланышым бар…». Ушул жерде кезинде аталган кызматка барууга эч ким макул болбой турган учурда барып, иштин жүрүшүн бир нукка салып, калыптанышына салым кошкон милициянын подполковниги Асан Осоровду бул кызматты түптөгөндөрүн бири деп айтсак ашыкча кетпестирбиз деп ойлойбуз. Көп жылдан бери аталган тармакта иштеп келе жаткан А.Осоров бул кызматта туруктуу, сөзгө бекем, жоопкерчиликтүү кызматкерлердин кызмат өтөөсү зарыл деп белгилейт.

«БҮГҮНКҮ ДАРАЖАГА ЖЕТИШИМЕ АТАМДЫН, БАЙКЕЛЕРИМДИН САЛЫМЫ, КОЛДООСУ ЧОҢ»

Династиянын кезектеги улантуучусу милициянын полковниги Осоров Азиз Кеңешович. Үйдөгү формачандардын (атасы, агалары) таасири алдында өскөн жигит ички иштер органдарындагы эмгек жолун 1994-жылы Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө нөөмөткердин жардамчысы болуп баштаган. Ушул кызматта иштеп жүргөндө биринчи жолу мал уурулуктун бетин ачууга жетишип, милицияга болгон кызыгуусу ого бетер күчөгөн. Андан кийинки жылдары жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү, аймактык тескөөчү кызматтарын аркалап, 2003-жылы кылмыш иликтөө бөлүмүнө дайындалган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин жалаң гана кылмыш иликтөө тармагында эмгектенип келе жаткан Азиз Кеңешович 2019-жылдын август айынан бери Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келет.

«Атамдын Ысык-Ата РИИБде иштеген кези эсимде калыптыр, калган учурларда кичинекей экенмин,-деди өткөндү эскерген Азиз Кеңешович,-бала эмеспизби ал кезде, атам иштен келгенде фуражкасын талашып, курун тагынып ойночубуз. Аскер деңиз флотунда 3 жыл кызмат өтөп, аскерден келсем улуу эки байкем да милицияда иштеп жатышыптыр, аларды көрүп «милиция боломун» деген максатымдын ого бетер бекемделгенин сездим. Биринчи жолу ишке мени Үсөн байкем алып барды, ошол байкелеримдин эле формаларынан бирди ылайыктап кийип алганым эсимде. Ошондогу биринчи офицердик наам алгандагы кубанычым, толкуп ташкан сезимдер али да жүрөгүмдө жашап келет. Ошол күндөн ушул күнгө чейин атам баарыбызга акыл-насаатын айтып, кеп-кеңешин берип келгени келген. Бүгүнкү даражага жетишиме атамдын, бир туугандарымдын салымы, колдоосу чоң деп билем…»

ЧОҢ АТА ЖАНА НЕБЕРЕ: ТАҢ ЭРТЕ ҮЙДӨ ӨТКӨН «ИНСТРУКТАЖ»

Кеңеш атанын небереси милициянын капитаны Кеңешов Эрмек Азизович-үчүнчү муундун милиционери. Алгач Эрмектин милиционер болушуна үйдөгүлөр алгач макул боло беришпептир, анткени маркум чоң энесинин каалоосу боюнча Эрмек дарыгерликти тандашы керек болуптур. «Кичинекей кезимден эле милиция болушумду билчүмүн,-деди биз менен болгон маегинде Эрмек Кеңешов,-башка кесипти тандоону ойлогон деле жокмун. Бирок, үйдөгүлөрдүн каалоосун аткарайын, мүмкүн бул кесип жагып кетээр деп ак халат кийип медколледжде эки жарым жыл окудум. 2-курста окуп жатканда бул кесип меники эмес экенине чындап көзүм жетти. Бирок баштагандан кийин аягына чыгайын деп, окуумду бүтүрүп, фармацевт болуп чыктым. Андан көп узабай эле Бишкектеги милициянын атайын орто мектебине тапшырып, окуп калдым. Эмгек жолумду Токмок ШИИБде аймактык тескөөчү болуп баштап, кийинки жылдары күзөт кызматында эмгектендим. Учурда Ысык-Ата РИИБге караштуу Иванов айылдык милиция бөлүмүндө милициянын улук аймактык ыйгарым өкүлүмүн. Чоң атам менен бирге тургандыктан, ал киши иште жүрсөм дайыма телефон чалып кабардар болуп турат. Күнүгө акыл-насаатын айтып, кеп-кеңешин берип келгени, таң эрте ак батасын берип мени кызматыма узатканы мен үчүн табылгыс байлык деп билем…»

Ырысбүбү Сагымбаева

Сүрөттөрү Асылбек Токтомушевдики