Адахан Мадумаровдун куру чечендиги чынында аны коомго саясатчы катары таанытты. Сын айтканда жөн эле, азыр турган ордунда өрттөнүп кетчүдөй болуп, тили менен кандай сын айта билсе, өзүнүн кызыкчылыгы басымдуулук кылган жерде ошондой мактай да билет. Ошол сапаты менен, ошол тили менен Мадумаров таанылды жана мамлекеттик бийик кызматтарда иштеди. Бирок, эл мактай тургандай деле иш бүтүргөн жок. Тилинен башка берекеси жок, сынды көтөрө албаган чычалаак адам эмнени кыйратат эле?!. Анын тили кызматка келүү үчүн гана курал болуп иштеп берет. Азыркы тапта да Мадумаров образга кирип алган учуру. Эл деген эл да. Анын оппозициялык маанайдагы сөздөрүн ээрчип, бири-бири менен кайым айтышып, урушуп кеткендери дагы көп. Айтмакчы, 2019-жылдын аяк ченинде болсо керек эле, «кызмат сунуштаса эл үчүн иштеп берүүгө даярмын» деп жаткан Мадумаров кызмат берилбей калып, андан бери чыгаан оппозиционерге айланды. Кызмат берип койсо дагы кандай болот эле?!.

Деги анын ит кыялын түшүнүп болбойт. Президенттикке шайлоо болор алдындагы үгүт иштери жүрүп жатканда Сооронбай Жээнбековдон микрофон талашып, адепсиздигин көрсөттү эле, жакынкы пандемия учурунда да мигранттарды азгырып, кызыл тилин сайратып атып, аларды талаага алып келип таштап, дагы бир адепсиздигин көрсөттү. Мигранттар демекчи, алар Мадумаровдун негизги көзүрлөрү. Былтыркы жылы эле куудул Рахман Разыковду ээрчитип алып, ал жакка барып жолугушууларды дагы өткөрүп келген. Ошондо эле аны чабал өрдөккө теңегендер болуп, парламенттик шайлоого эрте кам көрө баштады деп шылдыңдашкан. Деген менен бекер концертке эл жык-жыйма келип берип, чыныгы артист менен саясаттагы жасалма артисттин айткандарына кол чаап тарашкандыгы коомчулукта айтылган болчу. Бирок, жакынкы чек аралар жабылган карантин учурунда ошол учурда миранттарды ойлоп, күлдүрүү үчүн барган Мадумаров өз каражатына бир билет сатып берип, бир дагы мигрантты Кыргызстанга алып келгенин уккан жокпуз. Ага мигранттар шайлоодо эле керек. Муну мигранттар жакшы түшүнүшү зарыл.

Ошондой эле чек ара чыры чыкканда дагы сагызгандай болуп Мадумаров биринчилерден болуп шакылыктап чыгат. Болбосо, өзү соцсеттерде жер сатканы үчүн коомчулуктун сынына көмүлүп калган. Аны 2008-жылдын 26-ноябрында жана 2009-жылдын 3-мартында Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, талаш жерлерди тажиктердики деп 49 жылга ижарага берип салганын, ЖК спикери болуп турганда дагы Каркыраны казактарга кармата бергенин эскертип жатышат. Буга кызыл тили буудай кууруган Мадумаров эмнеге жооп бергиси келбейт?!

Мадумаровдун дагы бир тилинен чалынган жери бар. «7-апрелде каза болгондор баатырлар эмес, айбандар» деп айтып, ал сөзү үчүн эмдигичекти кечирим сурабай келет. Бакиевдин учурунда болушунча эле чартаңбай тээп, депутат, вице-премьер, ЖК спикери, Коопсуздук кеңешинин катчысы болду. Эмнени кыйратты эле?! Азыр сүйлөп, бийликти сындап айтып жаткандарынын бирин дагы жасады беле?! 2010-жылы Атамбаев бийликке келгенден тартып, кызматы жок калды. Өзүн башкалардан өөдө сезип алган жаны бардыгын Каркырага кошуп сатып жибергенин билет болду бекен?! Бакиевдерге камчы берип, калпак, чепкен кийгизип жүргөндө эмнеге ушул сындарды айтпады экен?! Ананчы, аны ошол жакшы ордунан козгоп алып түшкөн апрелчилер айбандар болбогондо ким болот эле?! Ичи өрттөнгөндөн айткан сөзү да. Өрттөнгөн кезде өзгөлөргө кандай мамиле кыларын журналисттер дагы жаттап бүтүшпөдүбү. Анткени кайсыл бир маалымат жыйынында суроо берген журналистти кандай кылганын журналисттер журтчулугу жакшы билишет. Андыктан азыр Адахан Мадумаров ач арстандай эле, алдынан чыгып, каршы болгондорду тытып жиберчүдөй эле абалда турат. Кызмат үмүт этип жүрүп, дагы жакшы, чыдады. Эми кызмат таптакыр буюрбай, мурдунун суусу куюлуп баштаганда, кудай жалгап, депутаттык шайлоо жакындап, эми ошондон үмүт этип, бардык күчүн жыйнап, аракетин көрүп баштады. Анткени курсагы ток жашоонун даамын татып калган. Бирок, кызматта турганда азыркыдай эл алдына ат тезегин кургатпай, сайрап чыгуусу дагы тозоктун тозогу эле да.

Айтор, азыр элге кичине жакыныраак болуп турганда, биз дагы бир шартты коюуну туура көрдүк. Ток этерин айтканда, анын узак жылдар боюу бир тарапташ болуп, пикирлеш болуп жүргөн адам Азимбек Бекназаровго дагы адатынча тийишип алганынын кесепети тийип, өзүнүн жүзүн дагы ачыгыраак ачып алды. Малазияга элчи болуп кеткен Бекназаров Адахан Мадумаровдун саясий портретин колунан келишинче тартып салды. Мадумаров аны кайра өзүнүн бети жок фанаттарына талатып, каны кайнап отурганы ачык эле билинип жатат. Бекназаров анын кыргыз жерин коңшуларга кантип сатып жибергенин ачыктаптыр. Документтердин барында Мадумаровдун колу турат деп далилдеп да берген.

Кургак болбош үчүн маалымат булактарында талкууга алынып жаткан Бекназаровдун айткандарын мисал келтирели: «Когда рассматривали кыргызско-казахскую границу, передали казахам Каркыру, Кок-Сай, место напротив Токмока, Маймак. На историческом документе стоит подпись тогдашнего спикера Жогорку Кенеша Мадумарова и его заключением «согласен». Как известно, в настоящее время он пикируется с Айбалаевым. Так вот, на меморандуме по границам стоит подпись тогдашнего секретаря Совета национальной безопасности Адахана. А было у него право подписывать меморандум, находясь на той должности? Правительство, парламент, президент не наделяли его таким правом. На иссык-кульском побережье есть 4 анклава, перешедшие Казахстану с 50 гектарами земли. Они переданы Казахстану на бессрочный период. Мадумаров и Данияр Усенов созвали тогда внеочередную сессию Жогорку Кенеша и за один день передали казахскам границу. Когда до этого спикером был Шеримкулов, не удалось провести. И там тоже значится подпись Мадумарова. Так кто нарушает целостность Кыргызстана в таком случае? Да еще назвал свою партию «Бутун Кыргызстан», — дейт Бекназаров.

Ал Мадумаровду «сүттөн ак» дешке болбой тургандыгын белгилеп, дагы далай былыгын айткан. Анан мындай суроо коет: «Ошол кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп чек ара боюнча меморандумга кол коюуга анын укугу бар беле?». Мына, ушул нерсеге Мадумаровдун жооп берүүсүн талап кылабыз!!!. Бекназаров айтмакчы, кыргыз-тажик чек арасындагы 270 метр жердин 49 жылга ижарага берилип кетишинин аркасында чыр-чатактар чыгып жатат. Ошондой эле көлдөгү пансионаттардын казактарга ижарага берилиши боюнча дагы Мадумаровдун аракети чоң экендиги айтылууда.

Баракелде. Кызыл тилин сайратып, кыргыз деп эми күйүмүш этип турган Мадумаров өзү ким?!. Коррупция менен күрөшүп жаткан бүгүнкү Президенттин ишин сындагандан мурун өзүнүн мурдагы жасаган иштерин сыдыргыга салып көрсө болот эле. «Ак жолдун» арыгын чаап жүргөндө коррупцияны эмнеге токтотподу десең?! Бакиевдерге белек тапшырып жатканда, бүгүн бетине кармап, элдин башын айландырып жаткан коррупциянын к тамгасы дагы оюуна келбесе керек эле. 

Мындай кылыктарын айта берсе барак бети деле тең келбей калса керек. Атахан Мадумаровдун башынан эңсегени президенттик орун. Бул орунга келүү үчүн тилин эч бир жерде аябай келе жатат. Башкасы бүтүп, эми кечээ гана көзү өткөн Элмирбекти бетине кармап, «аны менен пландарыбыз көп эле» деген шыпыр сөзүн айтып отурат. Элмирбек элдик киши экенин, аны эл колдоорун билип алып, анын аркасы менен элдин жүрөгүнө, сезимине жыландай соймоңдогон тилин салбай эле койсо болот эле. Элмирбектин тирүү кезинде эмне кылып жатасың деп сурап койду бекен? Акынды акыркы сапарга узатып жаткан учурда дагы телеканалдардын бирине маек берип жатып «КТРК менен ЭлТР көп жылдан бери Элмирбекти көрсөтпөй калган» деген сасыткы оюн айтууга жетишти. Дагы жакшы,  КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жооп берип, “КТРдин алтын фондунда Элмирбектин эң сонун концерттери, айтыштары, программалары, маектери бар. Ал улуу феномен болгондуктан көп маектешкенге, көп чакырганга жаздырып калганга аракет жасачубуз.Заманага деле байма бай чакырылып турчу. Андыктан бул сөзгө кошулбайм. ЭлТР кечээ кечке Элмирбектин кечелерин, келип катышкан программаларын берди. Чыгарбай калса эмнени берет эле?. Кудайдын кылганы ушул экен, эми мындан ары эскерүүлөрүн эки канал тең тынбай берет деп ишенем”-деп оозуна чок баскандай кылды.

Айланайын эл-журт, барыңар эле билсеңер керек,  КТРКнын «Маданият-Тарых-Тил» каналынан «Төкмө келсе төр бошот» аттуу долбоор байма-бай берилип келген. Көрсөтүү аркылуу Эл акыны шакирттеринин өнөрлөрүн элге таанытып келгенин Мадумаровдун жокко чыгаргысы келгендиги акылга сыйбай турат. Мындай арамза тилдүү Мадумаровдун айткандарына ишенбегиле деп элди чакырат элем. Жана дагы бир жолу белгилеп айткым келет, Мадумаров Адахан Кимсанбаевич өзүнүн бир учурларда колтукташып чогуу жүргөн тарапташы Азимбек Бекназаров айткан фактылар боюнча кыргыз элине ачык, так жооп берсин!!! Эмне үчүн элдин жерин башкаларга ижарага берип, бүгүнкүдөй чырлуу абалга кептеди? Кандай кызыкчылык менен? Андан кийин гана башкаларга сын айтсын.