Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс аягына чыгып жатат. Сот процессине судья Эмилбек Каипов төрагалык кылып, күнөөлүү деп табылгандарга өкүм чыгарылды.
 Анда «коррупция» беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Ошондой эле ага карата үй-мүлкүн конфискацияга алуу, мамлекеттик бардык наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратуу боюнча чечим чыкты.

Төмөндө Атамбаевдин конфискацияга алынган мүлктөрү:

— Тойота-Лэндкрузер, 2000-жылы чыккан,
— Мицубиси-Пэджеро, 1997-жылы чыккан,
— Тойота-Лэндкрузер, 1998-жылы чыккан,
— МАН, 1993-жылы чыккан,
— БМВ-Х53, 2001-жылы чыккан,
— Аламүдүн району, Кой-Таш айылындагы жер тилкеси,
— Ысык-Көл району, Чоң-Сары- Ойдогу жер тилкеси,
— Аламүдүн району, Арашан айылындагы жайыт,
— Аламүдүн району, Арашан айылындагы жер тилкеси,
— Аламүдүн району, Кой-Таш айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр,

— Аламүдүн району, Кой-Таш айылындагы жер тилкеси,

— Аламүдүн району, Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоо борбору,

— Аламүдүн району, Арашан айылындагы турак үй,

— Аламүдүн району, Арашан айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр,

— Аламүдүн району, Арашан айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр,

— «Медиа Форум» ААКсы,

— Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсүндөгү жер тилкеси,

— Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсүндөгү жер тилкеси,
— Бишкек шаары 7-Апель көчөсүндөгү имарат,

— «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасы,

— Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаарындагы курорттук зонадагы курулушу бүтө элек объект,
— Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаарындагы курорттук зонадагы курулушу бүтө элек объект,
— Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаарындагы курорттук зонадагы курулушу бүтө элек объект,

— «Апрель-ТВ» ЖЧКсы,

— «Апрель» ЖЧКсы,

— «Канал Б» телерадиокомпаниясынын редакциясы» ЖЧКсы,

— «Кыргызавтомаш корпорациясы» ишкерлер ассоциациясы» юридикалык жактардын биримдиги.

Төмөндөгү коммерциялык банктардагы баалуу кагаздары, акциялары, банк ячейкалары, эсептери да конфискацияга алуу чечими чыкты:

-«Кыргызстан коммерциялык банкы»;

— «Оптима Банк»;

— «Кыргыз-Швейцария Банкы»;

— «Капитал Банк»;

— «АМАНБАНК»;

— «Толубай»;

— «РСК Банк»;

— «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»;

— «БТА Банк»;

— «Дос-Кредобанк»;

— «ЭкоИсламикБанк»;

— «Евразия аманат Банк»;

— «Банк Азии»;

— «БАКАЙ БАНК»;

— «Халык Банк Кыргызстан»;

— Пакистандын Улуттук Банкынын Бишкектеги филиалы,

— «Кыргыз Инвестициялык кредиттик Банк»;

— «ФинансКредитБанк»;

— «Айыл Банк»;

— «Росинбанк»;

— Банк «Бай-Түшүм»;

— «ФИНКА Банк»;

— «Чанг Ан Банк»;

— «Банк Компаньон».

Ажыратылган наамдары:

— II даражадагы «Манас» ордени (2011-жылдын ноябрь айында сыйланган)

— «Данакер» ордени (2017-жылдын 27-ноябрында сыйланган)

— «Даңк» медалы (1999-жылы сыйланган)

— энчиленген сааттары.