24-25-июнда Жогорку Кеңештин жыйындарынан түз эфир берилбейт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын кызматкерлеринин коронавируска карата тапшырган ПЧР-анализдеринин таза чыкканына карабастан алар үй карантинде болушат. Буга чейин парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан коронавирус тастыкталганы маалым болгон.

Ал эми 29-июнда парламент кезексиз сессия өткөрүүнү пландоодо.

Жогорку Кеңештеги 2 депутаттан жана Аппараттын 3 кызматкеринен коронавирус оорусу аныкталган. Вирус жуктурган депутаттардын бири – Бейшенаалы Нурдинов.