Шайлоо алдында партиялар кандидаттардын рейтинги боюнча иликтөө жүргүзөт.. «Кыргызстан» партиясынын иликтөөсү азыркы спикер Дастан Жумабековго жетип, Таластагы кадыр баркын ченей башташат. Өзгөчө саруу уруусу көпчүлүк кылган Бакай Ата, Кара Буура райондорунда авторитетти белдуу делип биринчи Бабанов жана анын командасы, андан кийин бир тууган Шернияздар, андан кийин чечен айтыштын катышуучусундай болгон Рыскелди Момбеков, анан акырында барып Дастан Жумабековдун кадыры баркы бар экени билинет. Көрсө Дастан Жумабеков спикер болоору менен эле Таластагы чиновниктерден баштап ит атарларга чейин өз кишилерин кызматка койдуруп алган экен. Анан так шайлоонун алдында Дастакен кадырын котормокчумун деп «иш башы» кылып Момбековду этектеп турга чагы…