Бүгүн, 24-июнда күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым райондорунда, Чүй облусунун толуу жана тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй жана Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +32…+34

Талас облусунда +28…+33

Баткен облусунда +30…+35

Ош жана Жалал-Абад облустарында +30…+35

Ысык-Көл облусунда +19…+24

Нарын облусунда +18…+23

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +32…+34 градус болот.