Кара-Кулжа районунда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны 21ге жетти. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.

21 жарандын ичинен бир бейтап каза болгон. 8 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Учурда райондо 10 бейтап илдет менен күрөшүүдө. Ал эми бир бейтаптын анализинин жыйынтыгы оң чыкканы менен коронвирустун белгилери аныкталбай, үй карантинине чыгарылган.

Маалым болгондой, Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисининен коронавирус аныкталып, Ош шаарындагы ооруканага которулган.

Бүгүнкү күндө райондо 8 адам обсервацияда жатат. 267 жаран үй карантининде дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.