Таш-Көмүр шаардык соту жарандык никедеги аялын сабап, андан соң зордуктаган жаранды күнөөлүү деп таап, алты жыл эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын мартында Шамалды-Сайда күйөөсү аялын көчөдөн ур-токмокко алган. Андан соң аны зордуктаган.

«Айыпталуучу аялдын үйүнө терезеден кирип, оозун жаап алып зордуктаган. Соттук отурум учурунда айыпкер жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, чындыгында эле өзүнүн жарандык аялына кол көтөргөн, бирок аял өз эрки менен жыныстык катнашка барган. Эгер зордуктоо фактысы болсо башка комнатада ойноп жаткан балдар угушмак. Ал эми жабырлануучунун айтымында, жаңжал ажырашуу маселесинен келип чыккан. Күйөөсүнө ал ажырашууну сунуштаганда үйү жагынан сабап, андан соң түндөсү аны өлтүрөм деп коркутуп зордуктаган», — деп айтылат сот өкүмүндө.