Мирбек Атабековдун “Мурас” чыгармасын орус кызы Алиса ырдап чыкты.

Россиялык ырчы бул чыгарма тууралуу алгач мекендешибиз Анвар Бектеновдон укканын жазган.

Супрунова мыкты чыгарма үчүн Атабековго ыраазычылыгын  билдирип, ырды өзүнүн ютуб каналына жүктөгөн.

«Мирбек Атабеков — «Мурас». «Эч качан касташпагыла!» Ырдын үчүнчү куплети орусча. Аранжировка өзүмдүкү», — деп жазган.

Маалым болгондой, орус кызы, Алиса Супрунова 2000-жылы 4-июнда Магаданда төрөлгөнүн, азыркы тапта Санкт-Петербург шаарында жашаарын айтып кеткен.