Кочкор районунда 23-июнь күнү саат 11:55 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 173-чакырымында (Кувакы ашуусу) «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып таш сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам жана 4 жаш балдар жеңил жаракат алышкан (1 эркек 1985-ж.т. жана 4 аял 1994-ж.т., 1969-ж.т., 1954-ж.т., 1954-ж.т.).

Куткаруучулар жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.