Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 23-июнь күнү ЖЧК “Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жана 1 аял киши газга ууланып каза болушкан (1947-жылы туулган; 1983-жылы туулган; 2001-жылы туулган жана 1986-жылы туулган). Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Жеринде ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.