Аламүдүн районунда талаада 6 га арпа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү саат 17:05 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Константиновка айылында талаада 6 га чабылбаган арпа күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.