Жумгалдын Чаек айылындагы үйлөрдү сел каптады

Кечээ, 23-июнь күнү саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Жумгал районунун Чаек айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 5 үйдүн ичине сел кирип, 11 үйдүн короолорун каптаган. Тазалоо иштерине ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, 20 куткаруучу, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылды. Тартылган күчтөрдүн жардамында 5 үйдүн ичине кирген суулар сордурулуп, 11 үйдүн короолору тазаланды.