Шахтада каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан
Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында каза болгон маркумдардын жакындарынан Сүлүктү шаарынын мэри Рахман Абдыназаров кабар алып, алардын жакындарына көңүл айтып, материалдык жардамдарды көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маркумдардын жакындарынын айтымында, алар 22-июнда өздөрүнө тиешелүү болгон мал жандыктарын издеп, үйдөн чыгып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга таянсак, жоголгон малдарын издеп шахтага түшкөн учурда газга ууланышканы айтылууда. Бул окуя боюнча алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Окуя орун алган “Кенчилер-Береке” ЖЧК көмүр шахтасы буга чейин мыйзамдуу түрдө иштеп келген. Азыркы учурда ишмердүүлүгүн токтоткон.
Баткен облусунун башчысы Алишер Абдрахмановдун тапшырмасына ылайык, бул жагдай боюнча түзүлгөн атайын комиссия көмүр шахтасынын ачык калышы, коопсуздук чараларын сактабагандыгы боюнча маселелерди карап жатат. Каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө жакынкы күндөрү облустук өкүлчүлүк тарабынан да жардам берилет.