Президент Сороонбай Жээнбековду Москвага коштоп келген эки кишиден коронавирус аныкталгандыктан президент парадга катышуудан баш тартты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Алгоритмге ылайык, Москва шаарына парадга катышуу үчүн президент менен бирге баргандар коронавируска тест тапшырышкан. Кийин делегация курамындагы эки адамдан вирус аныкталды. Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков парадга катышпай эле коюу чечимин кабыл алды”, — деп айтылат билдирүүдө.